"Түн тынч өттү". Кыргыз-тажик чек арасындагы абал чыңалуу элементтери сакталуу менен салыштырмалуу туруктуу
21-сентябрь саат 9:00гө карата Ош облусунун Чоң-Алай районундагы жана Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде абал чыңалуу элементтери сакталуу менен салыштырмалуу туруктуу. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.
21-сентябрга караган түн тынч өттү, терс окуялар катталган жок. "20-сентябрдан тарта мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде чек ара аймактарында жарылбай калган ок-дарылардан, миналардан, снаряддардан жана башка жардыргыч заттардан табуу, тазалоо жана зыянсыздандыруу иштери жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.