Түркиядагы кыргыз кызы: «Жер титиреп жатканын билген эмесмин, эшик менен терезеден катуу үн чыкканынан ойгондум»

Түркиянын бир нече шаарында жер титирөө катталган. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Нигде шаарында докторантурада окуган мекендешибиз Ажар Абдималикова шаарда 7,4 баллга жеткен жер титирөө болгонун, бактыга жараша шаарда эч ким каза болбогонун жана жаракат албаганын билдирди.

«Өмүрүмдө биринчи жолу жер титирөөнү көрдүм. Түркиянын Нигде шаарында докторантурамды окуп, окуунун жатаканасында жашайм. Ошол учурда саат таңкы 4:30 чамасы болчу. Биринчи жер титирөө 04:24тө 7,4 балл 90 секунддай болду. Уктап жаткан жерден эшик терезелер шарактап жатканынан ойгонуп кеттим. 

Мен мөндүр аралаш жаан жаап жатат го деп уйкудан жакшы ойгоно албай туруп терезени карап жаткам, башым тегеренип, жүрөгүм айланып баштады. Курткамды алып, үйдөгү тапочка менен эшикке чуркап чыктым. Элдин баары уктап атыптыр. Күзөтчү телефондо бирөөгө жер титиреп жатканын айтып, сүйлөшүп жатканын уктум. Жетекчибиз ойгонуп келип эле, микрофон менен баарын ойготтук. Эшикте 1 сааттай турдук. Бир токтоп, кайра силкинип жатты. 3 жолу катуу силкинди, анан акырындады, ошол учурда кайра жатаканага кирип, жылуу кийинип, документтеримди, телефонуму алып кайра чыктык. 3-4 сааттан кийин гана ордубузга кайттык. Андан кийин да титирөөлөр катталып жатты, бирок азыр кооптуу эмес. Биздин жатакана 10 баллга туруштук бере алат дешти. Биздин шаарда зилзала кесепетинен үйлөр жарылды. Үйсүз калган жарандар биздин жатаканага, спорттук залдарга, маданият үйлөрүндө баш калкалап жатышат», — деди ал.