Тышкы карызды төлөөгө көмөктөшүүнү каалагандар үчүн ачылган депозиттик эсепке ушул күнгө чейин 4 гана адам акча которгон. Жалпы 1 миллион 29 миң сом түштү. Бул тууралуу Борбордук казынанын директору Марлен Амандыков билдирди.
«Бул эсепке биринчи 27 миң сом, андан соң 2 миң жана 50 сом түштү. Жаңы жылдын алдында бир ишкер миллион сом которду. Жалпылап алганда 4 адам акча салды», — деди Амандыков.
Бюджеттин тартыштыгынан улам түшкөн сунуштардын негизинде Финансы министрлиги тышкы карызга жумшоо үчүн 18-ноябрда атайын эсеп ачкан.