Өзгөндөгү Кемпир-Абад боюнча жыйындын эмне үчүн жабык өткөнүн катышкан тургун айтып берди (видео)
"Мен жыйынга катыштым. Өзүңөр билгендей телефондоубузду алып коюшту" деди Өзгөндөгү Кемпир-Абад боюнча жыйындын катышуучусу.
"Кемпир-Абад боюнча маселелерди президент менен УКМКнын төрагасы 80 пайызын ошолор сүйлөп, түшүндүрүп беришти. Алар буга чейин кылынган нерселерди элге жеткирип коелу деп жатышат. Эмне себептен буга чейин ачыктабаганын айтып беришти. Алар убакыт бар, ошол учурда дүйнөгө жар салабыз дешти", - деди ал.