Кыйноолорду алдын алуу Улуттук борборунун кызматкерлери Баткен ОИИБдин убактылуу кармоочу жайында кармалган жарандардын укуктарын бузуу жана аларга карата адамгерчиликсиз мамиле кылынган фактыларды аныкташты. Бул тууралуу аталган борбордон билдиришти.
Убактылуу кармоо жайында 26 адам болгон, ал эми камералар болсо 22 адамга гана ылайыкталган. Ал жайдын толуп калгандыгынан адамдар жерге жатууга аргасыз экен. Бул көрүнүш адамгерчиликсиз гана мамиле болбостон, санитардык эрежелердин талаптарынын бузулушун көрсөтүп жатат. Мыйзам боюнча камерада ар бир адамга каралган санитардык зонанын өлчөмү 3,25 чарчы метрди түзүшү керек.
Ошондой эле адистер убактылуу кармоочу жайда жуунучу бөлмөлөрүндө электр жарыгы жоктугун жана вентиляция иштебегендигин аныкташкан.
Убактылуу кармоо жайында кармалгандардын ишин кароодо бир нече айдан жана бир нече жылдан бери кармалган 18 адам бар экендиги аныкталды.
«Кармалган жарандар үчүн биринчи жардам көрсөтүү аптечкасын текшерүүдө мөөнөтү өтүп кеткен дарылар табылган. Тергөө бөлмөсүндө столдор жана отургучтар бош жана полго бекитилген эмес, бул кооптуу болушу мүмкүн. Мыйзам бузуунун бардык фактылары боюнча акт түзүлдү. Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери аталган укук бузууларды иликтөөгө алуу, бул фактыларды мыйзам чегинде жоюу жана жооптуу кызматкерлерге карата чара көрүү өтүнүчү менен прокуратурага кайрылышты«, — деп айтылат маалыматта.











