Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет дале аталган комитеттин төрагасынын мурдагы орун басары Болот Сүйүмбаевди таппай жатат. Буга чейин ал ири көлөмдөгү зергердик жасалгалардын контрабандасына байланыштуу кылмыш иши боюнча 10-декабрдан бери изделип жатканы маалым болгон. “Сүйүмбаев кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана экономикалык контрабанда беренелери боюнча шектелип, суракка келбей койгону үчүн ага издөө жарыяланды”, — деп жазылат УКМКнын маалыматында.
Эгерде аны көргөндөр же маалыматы болгондор болсо, анда мамлекеттик комитет 0132 660475 же 102 номерине чалып коюуну сурайт.