Кыргызстандын чек ара заставалары кыргыз аскерлеринин эле карамагында турат, тажиктерге алдырган жокпуз. Бул туурасында УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
«Заставалар аткылоого алынганы чын, талкаланган жерлери болду, бирок бирөөнү да тажиктер басып алган жок. Биздин чек арачылар Тажикстандын бир заставасын басып алышты. Чагымчылдыкка алдырбоого чакырабыз. Коңшу мамлекеттин бир БТРи жок кылынды, анын ичиндеги аскерлер жашынып калышты», — дешти мекемеден.
Кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуу 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы «Головной» суу бөлүштүрүүчү пунктунун аймагында чыккан. Тажиктер ал жакка видеокөзөмөл камераларын коюп баштаганда, кыргыз тарап буга каршы болгон. Кайым айтышуу бири-бирине таш атышуу менен уланган. 29-апрелде таңкы саат 4:00 чамасында тажиктер кыргыз айылдарына карата ок атышкан.