Бүгүн, 21-майда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин катышуусунда Кыргызстандын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандардын мыйзамсыз миграциясы темасында тийиштүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда кеңешме болуп өттү
Ушуга байланыштуу көйгөйдү чечүү боюнча төмөнкү сунуштар айтылды:
1. Жаңы эрежелердин алкагында миграциялык процесстерди тартипке келтирүү максатында 20 күндүн ичинде (үстүбүздөгү жылдын 10-июнуна чейин) КРда миграциялык мыйзамдарды бузуу менен жүргөн бардык чет өлкөлүктөр, (өлкөдө жүрүү) статусун мыйзамдаштырууга же өз ыктыяры менен өлкөдөн чыгып кетүүгө тийиш.
2. Компетенттүү органдар белгиленген мөөнөттө (үстүбүздөгү жылдын 10-июнуна чейин) мамлекет тарабынан кабыл алынган миграциялык чечимдер жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарында, социалдык тармактарда, электрондук порталдарда жана чет тилдердеги веб-сайттарда жеткиликтүү маалыматтык иштерди жүргүзүүгө милдеттүү.
3. Укук коргоо органдары үстүбүздөгү жылдын 10-июнунан тартып бүткүл өлкө боюнча бардык күч түзүмдөрүн тартуу менен атайын иштелип чыккан «легалсыз» операциясынын алкагында кеңири масштабдуу активдүү текшерүү иш-чараларын жүргүзсүн жана өлкөдө жүрүү тартибин бузган адамдарга, анын ичинде чакыруу субъекттерине карата административдик жана кылмыш мүнөзүндөгү толук чараларды көрсүн.
4. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин өз алдынча аймактык жана линиялык бөлүмдөрүнүн башчылары бул багытта жогоруда белгиленген активдүү иш-чаралардын аткарылышын жеке контролго алышсын.