УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин көрсөтмөсүн аткаруу максатында үстүбүздөгү жылдын 11-июнунан тартып Улуттук коопсуздук органдары тарабынан «Нелегал-2025» атайын операциясы башталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
«Укуктук статусун мыйзамдаштыруу боюнча жеңилдетилген мөөнөт каралбаганына карабастан, миграциялык мыйзамдарды бузуу менен өзүнүн укуктук абалын легалдаштыруу боюнча жүргөн мыйзамсыз чет өлкөлүк жарандар аныкталган. Тартип бузгандар тиешелүү фильтрациялоочу жайга жеткирилип, ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлерине өткөрүп берилди.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети иш берүүчүлөрдү жана чакырган тараптарды мыйзам бузган чет элдиктерди өлкөдөн өз ыктыяры менен чыгып кетүүгө багытталган чараларды көрүүгө чакырат«,- деп айтылат маалыматта.








