Бишкекте синтетикалык баңгизаттарын жеткирүүчү эл аралык каналга бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Бишкек шаарынын аймагында «Соль» тобундагы синтетикалык баңгизаттарды жеткирүүнүн эл аралык каналына бөгөт коюлду. Операциянын жүрүшүндө эки Кыргызстандын жараны кармалган, алар баңгизаттарды сактоону, таңгактоону жана жакынкы чет өлкөлөргө андан ары ташууга даярдыкты камсыз кылган «складды» уюштурушкан.
Тактап айтканда, 2 килограмм «соль» баңгизаты Орусиядагы жеткирүү кызматтары аркылуу тиричилик техникасынын ичине жамынып алып келингени аныкталган. Партиянын бир бөлүгү Бишкек шаарында жана Кыргыз Республикасынын айрым аймактарында сатууга, калган бөлүгү Өзбекстанга экспорттоого арналган.
Учурда мыйзамсыз аракеттерге катышкан башка адамдарды аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.












