УКМК: «Тажикстан учкучсуз учуучу аппараттарды колдонуу тууралуу маалыматты бурмалап жатат»

УКМКнын Чек ара кызматы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаалдын өнүгүшүнө өзгөчө тынчсыздануусун билдирет. Соңку убакта кыргыз тарап мамлекеттик чек арада чагымчылдык көбөйгөнүн белгилейт. Ошол эле учурда, тажик бийлиги кырдаалды турукташтыруу үчүн эч кандай аракеттерди көрөбөстөн, анын күчөшүнө салым кошкон.

Буга кечээ, 27-январда Баткен-Исфана унаа жолунун Баткен районунун Төрт-Көчө тилкесинде Тажикстандын жарандары тарабынан жолду тосуу окуясы мисал боло алат. Эки мамлекеттин чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында окуя жөнгө салынып, Тажикстандын жарандары жолду ачышкан. Бирок тажик чек арачылары курал колдонуу менен Кыргызстандын аскерлерине биринчилерден болуп ок аткан.

УКМКнын Чек ара кызматы бул окуя провокация экенин, анын жоопкерчилиги толугу менен Тажикстандын УКМКсынын жетекчилигине жүктөлөрүн билдирет. Тажик тарап атайын чагым жасап, эки тараптан тең жоготууларга алып келген окуя жана кагылышуулар болгон.

Ошол эле учурда Тажикстан учкучсуз учуучу аппараттарды колдонуу тууралуу маалыматты бурмалап жатат. Дал ушул тажик чек арачылары жакында эле Кыргызстандын аймагында чалгындоо максатында учкучсуз учактарды колдонгонун Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин жетекчилигине жеткирилген. Кыргыз Чек ара кызматы да тажик тарап Кыргызстан менен чек арага аскердик техникасын, курал-жарактарын, күчтөрүн жана каражаттарын тартып жатканын белгилейт. Террордук уюмдардын 8 миңге жакын согушчандары топтолуп турган тажик-ооган чек ара тилкесин бекемдөөнүн ордуна, тажик тарап, кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатакты күчөтүүгө бел байлап жатканы өзгөчө тынчсыздандырууда.