УКМК: «Темирлан Султанбеков шайлоо мыйзамдарын бузуу фактылары боюнча маалыматы бар экенин айтып, Ташиев менен жолугууну өтүндү»

23-ноябрда «Социал-Демократтар» партиясынын мүчөсү Темирлан Султанбеков УКМКнын төрагасынын кабылдамасына УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен жеке жолугушуу өтүнүчү менен кайрылган. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Ошол эле күнү кечинде болжол менен саат 20:00дө УКМКнын коомдук кабылдамасында Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын бузуу фактылары жөнүндө маалыматы бар экенин айткан Темирлан Султанбеков менен УКМКнын кызматкери сүйлөшүү жүргүзгөн.

«Комитеттин кызматкери «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө» мыйзамына ылайык, ал өлкөнүн жараны катары шайлоо процессинин бузулушунун фактыларын көрсөтүү менен УКМКнын төрагасына кайрылууга укуктуу, ага мыйзамда белгиленген мөөнөттө текшерүүнүн жыйынтыгы жана көрүлгөн чаралар боюнча негиздүү жооп берилери боюнча маалыматты Темирлан Султанбековго берген. Ошону менен бирге ага атайылап жалган маалымат тараткан боюнча жоопкерчилик бар экендиги эскертилген», — деп айтылат маалыматта.

Маалыматка караганда, Темирлан Султанбеков расмий кайрылуудан баш тарткан. Ал ошондой эле Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын бузулушу боюнча колунда болгон маалыматтардын чоо-жайын жана жагдайларын ачыктоодон да баш тарткан. «Шайлоо процессине кийлигишүү жагынан коомдук аң-сезимди ар кандай шылтоолорду жана манипуляцияларды болтурбоо максатында, шайлоо алдындагы агидация мезгилинде УКМКнын төрагасы талапкерлерди жеке кабыл албайт», — деп айтылат маалыматта.

УКМК тараткан маалыматта Темирлан Султанбеков Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн, бирок ал жаңы мыйзамга ылайык, жашы 25ке толо электигине байланыштуу бул шайлоого катышкан эмес.