Кечээ, 14-майда Тилекмат Куренов Биринчи Май райондук сотуна бөгөт чарасын кароо үчүн жеткирилген. Интернетке тараган видеолордон анын сотко аксап, таяк менен келгенин көрүүгө болот.
УКМК маалымат таратып, коомчулукта «ага карата кыйноо колдонулган» деген жалган маалымат тарап жатканын билдирди.
«Куреновдун СИЗОдо омуртка аралык өнөкөт грыжа оорусу күчөп кеткендигин, ошондуктан учурда ага керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп жатканын белгилейбиз. Муну жактоочусу да тастыктап, УКМК тарабынан эч кандай физикалык күч колдонулбаганын белгиледи. Баардык тергөө аракеттери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде, процессуалдык нормаларды жана айыпталуучунун укуктарын сактоо менен так жүргүзүлүүдө»,- деп айтылат маалыматта.










