УКМК: «Учурда депутат Эмил Жамгырчиевдин жүргөн жери белгисиз»

УКМК Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаевдин сөздөрүнө комментарий берип, депутат Эмил Жамгырчиевдин дайынсыз экенин билдиришти.

«УКМК тарабынан 30-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаевдин сөзүнөн кийин текшерүү жүргүзүлдү. Эмил Жамгырчиевдин үйүнөн жана унаасынан качан аудио-видео жазуу жабдыктары табылганы тууралуу маалыматы жок экени аныкталды. Мындан тышкары, ал жеке өзү сөз болуп жаткан техниканы көргөн эмес. Бул тууралуу ал депутаттын жардамчысынан укканын айтты.

Учурда депутат Эмил Жамгырчиевдин жүргөн жери белгисиз. Ошону менен бирге УКМК аудио-видео жазуу жабдууларынын табылышы боюнча, бул атайын жабдууларды орнотуунун себебин жана ким тарабынан коюлганын аныктоо үчүн, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутатынын таламдарын коргоо үчүн текшерүү жүргүзүүгө даяр экендигин билдирет», — деп айтылат маалыматта.