УКМКнын алдында Абдил Сегизбаевди колдоо митинги өтүп жатат

Бишкектеги УКМКнын алдында Абдил Сегизбаевди колдоо митинги өтүп жатат. Митингге чыккан 20 чакты адам анын бошотулушун талап кылууда.

УКМКнын мурдагы төрагасы жана президенттик шайлоого талапкер катары катышкан Абдил Сегизбаев 25-январда Аскер прокуратурасы тарабынан кармалган болчу. Ага «Белизгейт» деп атыккан иштин алкагында мыйзамсыз аракеттер жана кызматынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы менен кылмыш иши козголгон. Кийин башкы прокурор Курманкул Зулушев ага 6 кылмыш иши козголгонун айткан болчу.

Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Сегизбаев 25-мартка чейин камакта калтырылган.

Ал эми 3-февралда анын шайлоо штабында иштеген Мээрим Асанованын үйүндө тинтүү жүрүп, анын күйөөсүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) суракка алып кетишкен. Асанова тинтүү учурун түз эфир аркылуу да чагылдырган эле.