Иш-чарага президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Ноокат районунун акими, УКМКнын жергиликтүү башкармалыктарынын өздүк курамы жана атайын кызматтын ардагерлери да катышты. Камчыбек Ташиев жаңы имаратты толугу менен көрүп чыгып, өздүк курамды куттуктоо менен бирге тийиштүү кызматтык талаптарды эскертип өттү. Алдыда дагы УКМКнын региондордогу башкармалыктарынын материалдык-техникалык камсыздалышын жакшыртуу иштери улантылаары белгиленди.
«Тамагым кекиртегиме тыгылып». Камчыбек Ташиев коррупционерлер тууралуу
УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев бир иш чарада коррупция менен айыпталып, мүлкү конфискацияланып бошотулган мурдагы премьер-министрдин жанында отуруп калып, тамагынан аш...










