УКМКнын кезектеги жаңы имараты Ноокат районунда курулду

Бүгүн, 3-сентябрь күнү УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин катышуусунда УКМКнын Ноокат райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылыш аземи болуп өттү.

Иш-чарага президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Ноокат районунун акими, УКМКнын жергиликтүү башкармалыктарынын өздүк курамы жана атайын кызматтын ардагерлери да катышты. Камчыбек Ташиев жаңы имаратты толугу менен көрүп чыгып, өздүк курамды куттуктоо менен бирге тийиштүү кызматтык талаптарды эскертип өттү. Алдыда дагы УКМКнын региондордогу башкармалыктарынын материалдык-техникалык камсыздалышын жакшыртуу иштери улантылаары белгиленди.