Украинадагы согушта дагы бир кыргызстандык жигит каза болгон. Бул тууралуу «Турмуш» жазды.
Маалыматка караганда, анын сөөгү Оштогу Кара-Суу районунда жерге берилген. Ал болжол менен 25-26 жашта болгон. Ата-энеси ал кичине кезде эле ажырашып кетишкен. Анын сөөгү 2023-жылдын январь айында алып келинип, жерге берилген. Анын мындан бир нече жыл мурда мигрант катары кеткенин да маалымдалды.