Украинада согуштук аракеттерде каза болгон Кыргызстанда туулуп, кийин Орусиянын жарандыгын алган Рустам Зарифулин бүгүн, 27-мартта Кара-Балтада жерге берилди.
Маркумдун сөөгү кечээ, 26-мартка караган түнү Канттагы аба майданы аркылуу туулган жерине алып келинген болчу.
22-мартта Украинада согуштук аракеттерде 20 жаштагы орусиялык армияда кызмат өтөгөн кыргыз жигит каза болгону маалым болгон. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине маркумдун жакындары каза болгон жигиттин аты-жөнү Эгемберди Дорбоев экендигин, анын Кыргызстанда төрөлүп, кийин Орусиянын жарандыгын алгандыгын, армияга кызмат өтөөгө өткөн жылы кеткенин айтып беришкен. Анын сөөгү Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылында жерге берилди.