Украинанын элчилигинин алдында да митинг өттү

Бүгүн, 28-февралда Бишкекте Украина элчилигинин жанында Украинаны колдоо боюнча тынчтык митинги өттү. Акцияга 30га жакын адам катышты.

Чогулгандардын айтымында, митингдин негизги бөлүгү орус элчилигинин жанында өтүп жатат, айрымдары украин элин колдоо үчүн бул жакка келишкен. Чогулгандардын алдына Украинанын Кыргызстандагы элчиси Валерий Жовтенко чыгып, Украинадагы кырдаал тууралуу маалымат берди.

«Биз Орусиянын же Украинанын аракеттерин колдобойбуз, биз тынчтыкты каалайбыз», — дешти чогулгандар.