Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов Кара-Кулжа районунун Кара-Гуз айылындагы Апыз Калматов атындагы орто мектептин спорт залынын ачылыш аземине катышты.
Анда сөз сүйлөгөн эл өкүлү кубанычтуу жаңылык менен айыл тургундарын куттуктап: «Жаңы спорт зал жаштарды сергек жашоого, бекем тартипке жана ийгиликке жетелеген аянтча болсун! Өлкө желегин желбиретүүнү эңсеген максаттуу жаштар ушул спорттук жайдан өсүп жетилсин», — деген тилегин билдирди.
Аталган мектеп алгач ашар жолу менен курулуп, учурда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулунун колдоосу менен жаңыланууда. Иш-чаранын жүрүшүндө айылдын өнүгүшүнө жигердүү салым кошуп келе жаткан жашоочуларга Жогорку Кеңештин ыраазычылык баракчалары тапшырылды. Ал эми депутат Улан Примовго жана төрага Нурланбек Тургунбек уулуна айыл элинин атынан “Ардактуу атуул” наамы ыйгарылды.
Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Иран Ислам Республикасындагы элчилиги өз ишмердүүлүгүн убактылуу токтотконун маалымдайт. Иран аймагында жүргөн Кыргызстандын жарандарынан жогорку...
2026-жылдын курулуш мезгилинде Бишкек-Ош автожолунун Тɵɵ-Ашуу ашуусунда орто оңдоо иштери жүргүзүлөт. Тактап айтканда, «Капиталдык салымдар» беренесинин алкагында 130-146-чакырымдар (10 км)...
Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти балаңызды белгилүү мектепке кабыл алуу максатында микроучасток боюнча жасалма каттоого (пропискага) жоопкерчилик бар экенин...
2026-жылдын курулуш мезгилинде өлкө ичиндеги стратегиялык жана жергиликтүү маанидеги автожолдор оңдолот. «Мамлекеттик капиталдык салымдар» беренеси боюнча 700 чакырым, ал эми...