Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды.
Министрлер кабинетинин төрагасы демилгелеген мыйзам долбоорун Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Эльдар Сулайманов тааныштырды.
Аталган мыйзам долбоору кесиптик жогорку билим берүүнүн адистештирилген мамлекеттик билим берүү уюмдарын каржылоого бөлүнгөн республикалык бюджеттин каражаттарын пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында иштелип чыккан. Аны менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Академиясынын курсанттары окуудан өзүнө көз каранды болгон себептерден улам четтетилген учурда бюджеттик каражаттардын ордун толтурууга милдеттүүлүгүн кароо сунушталууда.
Талкуу маалында депутаттар Арсланбек Эгембердиев жана Миргүл Темирбаева УКМКнын академиясына кабыл алуу тартибине кызыгышты. Депутат Нурбек Сыдыгалиев курсанттар өзүнөн көз каранды болгон себептерден улам окуудан чыгарылган учурда бюджеттик каражаттардын ордун толтуруу механизмдерин тактады.
Ошондой эле «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Турак жай кодексине, «Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө» мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору экинчи окууда колдоо тапты.
Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген мыйзам долбоору аскер кызматкеринин үй-бүлөсүнүн турак жай укуктарын коргоо максатында иштелип чыккан.
Посмотреть эту публикацию в Instagram








