Министрлер кабинети кышка даяр эмес экенин көрсөттү. Бул тууралуу жыйында депутат Тазабек Икрамов билдирди.
«1 кап унга бир заматта 1 миң сом акча кошулду. Бул өкмөттүн шалаакылыгы. Программасы жок. Казакстанга каалагандай суу бердик. Азыр суу жок же ун жок. Бул башталышы. Күз баштала электе ушундай болуп жатат. Азык-түлүк кымбаттап жатат. Өкмөттү чакырып, маалымат алалы», — деди ал.
Кечээ, 20-сентябрда SuperTV телеканалы жүргүзгөн сурамжылоодо соодагерлер “Бир кап ун 2500 сом эле, эки күндө 3200 сом болуп кетти” дешкен.