«Унаа» ишканасына VIP-кароо киргизилди беле? (видео)

Социалдык тармактын колдонуучусу «Унаа» мамлекеттик ишканасына нааразычылыгын билдирип, «Унаа» ишканасына VIP-кароо киргизилди беле?» деп суроо салат.

«Кезексиз кирүүгө 500 же 1000 сом беришет, анан биринчи кетишет. Мамлекеттик каттоонун ичине киргенде ал жактан да танышына чалып, 1 миң сом же 2 миң сом берет. Документерин алып кетип, бат бүтүрүп берет. Техпаспорт алганга дагы 500 же 1 миң сом берет! Ушинтип 30 же 40 мүнөттө документ даяр болуп кете берет!» — деп жазат ал.

Азырында бул боюнча аталган ишкана комментарий бере элек.