Abank
SerepTV Logo

“Унаа” мекемеси эми өз алдынча агенттик болуп жатат. Аны менен эмне өзгөрөт?

“Унаа” мекемеси эми өз алдынча агенттик болуп жатат. Аны менен эмне өзгөрөт?
“Унаа” мамлекеттик мекемеси эми өз алдынча агенттик болуп өзгөрүп жатат. Буйрукка президент кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков соцтармактагы баракчасында билдирди. "Унаа" ишканасынын мындан аркы иш алып баруу ыкмасы толугу менен өзгөртүлөт. Агенттиктин Бишкек, Ош шаарларында жана 40 райондо өзүнүн автомектептери ачылып, унаанын түрлөрун башкарууну окутуп үйрөтөт. Улуу муундагылар жакшы билсе керек, союз мезгилиндеги ДОСААФтын иштөө принциптери, эми автоунааны башкарууну өздөштүрүү бөлүгүндө колдонулат. Жеңил унаадан тартып, оор жүк ташуучу унаалар, тийиштүү эмерек-инвентарлар менен жабдылып, практикалык көндүмдөргө басым жасалат. Аны менен райондордогу автомектептерде жарандарыбыз бойго жеткен балдар кыздарын үч айлык унаа башкаруу, жол эрежелерин үйрөнүү боюнча окуу курстарына жөнөтө алышат. Жер-жерлерде мектеп ачуу зарылдыгы биринчи кезекте жол кырсыктарынын көбөйүшүнөн, көпчүлүк айдоочулар жол кыймылынын эрежелерин билбегендиктен, айдоочулук күбөлүктөрдүн көзөмөлсүз берилишинен улам мамлекет ушундай чечимге келди. Ошондуктан мамлекет башчыбыздын чечими менен ар бир райондо автомектептер ачылуу алында турат. Ал жакта ар бир каалоочу окуулардан өтүп, окуулар, окуучулардын экзамендерди тапшыруусу мамлекеттин көзөмөлүндө болот. Унаа башкарууну же жол кыймылынын эрежелерин толук өздөштүрбөй туруп айдоочулук күбөлүктөрдү ала алышпайт. Мурда билесиздер, ата-энелер 18ге толгон балдарына унаага кошуп айдоочулук күбөлүк сатып берген фактылар болгон. Азыркы күндө деле окууга тапшырып коюп, айдоочулук күбөлүк алууга келгенде 17 жолу экзаменден өтпөй калган учурлар катталып жатат. Союз кезинде окуп күбөлүк алгандар жакшы билет, айдоо эреже ыкмаларын толук өздөштүрмөйүн айдоо укугуна ээ боло алышкан эмес. Эми мамлекет унаа башкарууну олуттуу көзөмөлгө алып, союз кезиндегидей принциптер менен окутуп, ал үчүн шарттарды түзүп, кам көрөт", - деп жазды ал.