Кечээ, 17-ноябрда социалдык тармактарда жол тескөөчү уюлдук телефон менен сүйлөшүп, кур тагынбай унаа айдап бара жаткан видео жарыяланган.
Кайгуул кызматынан билдиришкендей, милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкери жеке унаасын башкарууда коопсуздук курун тагынбагандыгы үчүн 1000 сом жана уюлдук телефону менен сүйлөшүп бараткандыгы үчүн 3000 сомго айыпка жыгылды.
Посмотреть эту публикацию в Instagram