«Унааңызды бактын түбүнө токтотпоңуз». Бишкек менен Чүйдө катуу шамал күтүлөт

Жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Катуу шамал учурунда:
— Унааңызды имарат жана бак-дарактын түбүнө токтотпоңуз;
— Электр чубалгылары турган жерге барбаңыз;
— Жарнама калкандарынын жанына турбаңыз;
— Көз айнек кийиңиз.

Кырсык катталган учурда «112» номуруна байланышыңыз.