Уролог Нурбек Моңолов: «Онкологиялык дарты бар пациент болсо, өлүп калышыңыз мүмкүн деп ачык айтам» (видео)

Учурда социалдык тармактарда популярдуу болгон уролог-сексолог Нурбек Моңолов SUPERTV каналына маек берип жатып, кесибине байланыштуу кызыктарды айтып берди.

Менин бир кемчилигим бар, пациенттерди айыктыра алам же айыктыра албайм деп түз айтам. Айыкпас дартты да айтпай, жашырыш керек дешет айрымдар. Мен эгер туугандары суранса, айтпайм. Болбосо «онкологиялык дарт, өлүп калышыңыз мүмкүн» деп ачык айтам. 

Мага балалуу боло албай жатышкандар көп келет. Кээ бирлердики көрүнүп турат да, балалуу боло албашы. Ошолорго ачык эле айтам. Жагымсыз кабарды укканда бир канча убакыт оор болушу мүмкүн. Бирок кийин бала багуу же донор издөө деген сыяктуу жолду издөөгө мүмкүнчүлүк берем. Башкалардай болуп үмүт бербейм. Анткени алар ишенип 10-20 жылдап дарыланып, акча коротуп жүрө беришет, бирок жыйынтыгы жок. Андан көрө убагында эле айтса болот да. Негизи тукумсуздукту дарылоо абдан кыйын. 

Медицина азыр бизнеске айланды. Кандай оору болбосун бизге акча түшөт. Анын жыйынтыгы болобу-жокпу ал башка тема. Аны созуп жүрө берсе деле болот. Жыйынтыгы жок нерседен түшкөн акчанын мага кереги жок», — дейт врач.