«Уруша кетип, Дүйшөнов баш тартты». 4-оорукананын башкы дарыгеринин милдетин аткаруучу болуп Муратов дайындалды

Мурдагы 4-оорукананын, азыркы Тез жардам ооруканасынын башкы дарыгеринин милдетин аткаруучу болуп Памир Муратов дайындалды. Бул маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев тастыктады.

Буга чейин ооруканага башкы дарыгер болуп, Дамир Дүйшөнов дайындалган. Бул боюнча министр «Сабырбек Жумабеков менен Дамир Дүйшөнов уруша кетип, Дүйшөнов баш тартты. Муратов азырынча милдетин аткаруучу, жакында бекийт», — деди министр.

Февраль айынын башында министр Алымкадыр Бейшеналиев Бишкек Травматология жана ортопедия илимий изилдөө борбору Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы болуп кайра түзүлөрүн билдирген. Кайра түзүлсө, жетекчи алмашарын айткан. Буга каршы болгон ак халатчандар 3-февралда оорукананын алдында митинг өткөрүшкөн. 4-февралда министр Жумабековдун кызматтан алынганын айткан. Анын ордуна жаңы дайындалган жетекчини ооруканага киргизбей коюшкан. 10-февралда СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги мурдагы 4-оорукананын, азыркы Тез жардам ооруканасы менен байланышканында, Сабырбек Жумабековдун өз ордунда иштеп жатканы, операцияларды жасап жатканы маалым болгон. Бирок жаңы дайындалган башкы дарыгер Дамир Дүйшөновго эмгек жамаат каршы экенин айтышкан.