Буга чейин болбой калган ишкерлер менен жолугушуу өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Кирүүчү топтордун, көрнөк-жарнактардын жана башкалардын бирдиктүү дизайны жөнүндө маселени талкууладык. Шаардыктар сунуштарын, суроолорун беришти. Чогулгандардын суроолоруна мэрдин орун басары жооп берип, өз алдынча чарбалык курулуштарга жана чатырларга жол бербөө боюнча жеринде тактоолор да берилди. Бул багыттагы иштер улантылууда.
Октябрь администрациясынын залында 2-июнда ишкерлердин жолугушуусу пландаштырылган. Бирок 10 гана адам катышкан.