«Видео тартканга 1 күн, монтажга 1 саат кетет». ТикТокту «жарып» жаткан казакстандык койчу бала менен маек

«Койчу бала» деген аккаунт өзүнүн видеолору менен ТикТок социалдык тармагын «жарып» жатат. Ал өзүнүн эртең мененден баштап кечке чейин жашоосун 1 мүнөттөй видеодо көрсөтөт. Аны орточо эсеп менен миллионго жакын жаран көрөт. Ал эми популярдуу болгон видеосу 2,5 миллиондон ашык көрүүчү топтоду.

Ошондой эле көптөр анын видео монтажына кызыгышат. Алар видеонун монтажын бирөө жасап берет деп ойлошот. Бул жигиттин видеосу Кыргызстанга да тарап, көпчүлүктүн кызыгын арттырды. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги дал ошол жигитти таап, маектештик.

Жигит Казакстанда жашайт. 15 жашта. Мектеп окуучусу. «Менин атым Тойбек Саят. 15 жаштамын. 6 бир тууганмын. ТикТокко видео тартып жүргөнүмө 1 жылдай болду. Акыркы 2-3 айда видеолорум көп көрүлө баштады. Видеого идеяны өзү табам»,- деди ал.

Ал ошондой эле видеону тартканга 1 күн, ал эми монтажга 1 саат убакыт кетерин айтты. «Монтажды да өзүм жасайм. 1 күндүк убактымды видео тартууга кетирсем, 1 саатта монтаждап бүтөм. Мен келечекте блогер болуп акча тапкым келет. Жакындарым видео тартууга каршы эмес»,- деди ал.

«Мектепте классташтарың сени «жылдыз» дешеби?» деген суроого күлүп «ооба» деп жооп берди.

@sakoshh_tv220.11.22ж♬ оригинальный звук — Қойшы бала 2-інші акк
@sakoshh_tv2Негізі үйдің тірлігі ұл қыз деп бөлінбейді. Мен үйде қыз болмағасын өзім бәр тірлікті істеймін♬ Je veux — Zaz
@sakoshh_tv2Қиын болмаса еңбегімді бағалап кетші♬ оригинальный звук — Қойшы бала 2-інші акк
@sakoshh_tv2Part 2♬ оригинальный звук — Қойшы бала 2-інші акк