СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ырыс Шаршеева кайрылып, учурда 6 эркек баланы тарбиялап жатканын айтты.
«Бирөөсү 3 эм. Токмок шаарынын Талды-Булак айылында кайнатамдын үйүндө турабыз. Бирок анын дагы 4 уулу бар. 3 эмге жардам берип жатканынан кайрылып жатабыз. 2019-жылы 29-июлда төрөлгөн. Аттары Иса, Муса, Жалил. Жардам берилген жок. Жер берилет деген, бирок берилген жок», — деди келин.
«Бир үйдө 12 киши жашайбыз. 2019-жылы балага сүйүнчү деп 150 миң сом алганбыз. Уулум учурда Венгрияда иштеп жатат. Анын акчасы тамак-ашка, кийим, дары-дармекке эле кетет. Бөлүнөлү десе, үй салганга акчасы ашпайт. Айыл өкмөткө кайрылганда, 10 миң сом бөлүп берген. Ага кошумча сүт алып ичкенбиз», — деди келиндин кайненеси.
Мен да үч эмдин атасымын жубайым экөөбүздүн балдарыбыз 2010 жылы Ош окуялары башталардан үч күн мурун торолушкон.. Мамлекетибиз оор абалда калган учур эле. Пенделик кылып ар ким дурболотсо каккылап Соцфонд, мэрияга бардым болбогон үмүт менен. Ойлонуп көрсөм балдарым өзүм үчүн.кембагал мамлекеттен эмнени үмүт кылам андан көрө жараткандан балдарымдын өмүрүн бактысын ырыскысын тилегенди чечтим. Ач калбадык эл арасында тирилик өтүп жатат Аллахка чексиз шүгүр болсун.Жигиттер эр жетилип калышты оор жумушумду женилдетишет. Акыйкат үчүн сиздерге жардам берсе жакшы болмок. Үч эмди чонойтуш жеңил эмес.Сиздерге чың ден соолук үй бүлөлүк бакыт каалайбыз.. Ош шаары Мажитовтор үй булосу Асан, Үсөн,Эсен