«Үйдөгүлөргө таарынган». Ноокенде дайынсыз болуп жаткан кыздар Бишкектен табылып, милиция айдоочуларга кайрылды

Ноокенде дайынсыз болуп жаткан өспүрүм кыздар табылып, милиция айдоочуларга кайрылды.

24-январь күнү саат 12:45 чамасында Ноокен районунда 6-класста окуган классташ 2 кыз «мектепке барабыз» деп үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Бул окуя Ноокен милициясы тарабынан каттоого алынып, кыздарды издөө иштери башталган. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн издөө иштеринин натыйжасында дайынсыз болуп жаткан кыздар Бишкек шаарынан табылган. Үйлөрүнөн кетүүсүнүн себеби катары жакындарына болгон таарыныч катары көрсөтүшкөн.

Алар Ноокен районуна алып келинип, ата-энесине өткөрүлүп берилди. Дайынсыз болуп жаткан кыздарды Бишкекке алып кеткен айдоочу милиция бөлүмүнө чакыртылып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Бул окуяга байланыштуу милиция айдоочуларга жашы жете элек өспүрүмдөрдү чоң адамдардын коштоосу жок алыскы аймактарга ташыбоого чакырат. Балдардын себепсиз көчөдө жүргөнүн көрсөңүз жана кандайдыр бир күмөндүү ойлор жаралса, жакынкы милиция бөлүмдөрүнө кайрылыңыздар.