Ыкчам штаб: «Коронавирустук инфекция табарсык ооруларынын пайда болуу коркунучун жогорулатат»

Окленд университетинин окумуштуулары аныктагандай, COVID-19 табарсыктын сезгенүүлөрүн жана заараны кармай албай калуу ыктымалдыгын 2-3 эсеге арттырат. Бул тууралуу ыкчам штабдан билдиришти.

Маалыматка караганда, изилдөөчүлөр 1895 медицина кызматкеринин маалыматтарын талдоонун негизинде ушундай жыйынтыкка келишкен. Окумуштуулар COVID-19 белгилери билинип жана билинбей өткөн бейтаптарда заара кармай албоого туш болуу коронавирус инфекциясына чалдыкпагандарга караганда 2 жана 3,2 эсе жогору экенин аныкташкан.

Заараны кармай албоо – инфекциядан кийин пайда болгон белгилердин топтомунун – постковиддик белгилердин бири жана адамдын жашоо сапатын кыйла начарлатат. Эмдөө гана COVID-19дун оор өтүшүн басаңдатып, постковиддик белгилердин өрчүү ыктымалдыгын азайтары айтылды.