Кыргыз Республикасынын Эл артисти Алтынай Нарбаева социалдык тармактагы баракчасында кошунасы ушул жылдын 15-мартында 3 эм төрөгөнүн айтып, бийликтегилерге кайрылды.
«Бул инсандар менин кошуналарым. Өтө момун адамдар. Үч эм төрөлгөндө жумурай-журт кубанган. Алты баланын ата-энеси. Атасы Чыңгыз эле иштейт. Курулуш тармакта иштегендиктен иш бир күн болот, бир күнү жок. Өкмөткө кайрылгыла деп айтып келдим, бирок атасы жумушта, апасы балдар менен үйдөн чыга албайт. Жөлөк пул алышпайт экен. 6 баласы менен бир бөлмөлүү батирде турушат»,- деди ырчы айым.
Посмотреть эту публикацию в Instagram