Ырчы Бекжан Темирхандын ата-энесине үй алып беришти

11-декабрь күнү Бишкекте жол кырсыгынан каза болгон ырчы Бекжан Темирханды эскерүү концерти болуп, ал маркум ырчынын ата-энесине борбордон үй алып берүү максатында уюштурулган эле.

Журналист Шайырбек Абдырахман уулу соцтармактагы баракчасына Бекжан Темирхандын ата-энесине үй алып беришкенин билдирип, үй тартылган видеону жарыялады.