«Ырчы эжелериңдин кандай экенин көрдүм, ырдабай эле койбойсуңбу дечү». Ырчы Айгерим Эшим жердеши «Дөө Чыңгызды» эскерди

30-июль күнү өлтүрүлгөн «Дөө Чыңгыз» каймана аты менен таанылган кримтөбөл Чыңгыз Жумагуловду жердеши, ырчы Айгерим Эшим тамашакөй, патриот, боорукер адам катары эскерип СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине кыскача маек берди.

— Биз кичинекей кезибизден «Чыкен укмуш криминал» деп көп укчубуз, коркчубуз. Кийин чоңоюп, Чыңгыз байке менен таанышып, сүйлөшүп калганда ал андай деле эл коркуткандай коркунучтуу адам эмес экендигине ынандым.

Чыңгыз байке абакта жатканда инилеринен Ысык-Атадан бир карындашың ырчы болуп чыгып жатат деп угуп калыптыр. Мени сүрүштүрүп көрүптүр. Бир күнү өзү мага байланышка чыкты. «Сен Ысык-Атадагы Эшим байкенин кызы турбайсыңбы» деп таанышып калдык. Чыңгызмын деп өзүн тааныштырганда алгач коркком. Бирок бир сүйлөшкөндө эле жөнөкөй, тамашакөй, боорукер, патриот адам экенин сезгем. «Ырчыларга жардам керек болот. Кандай маселе болсо мага чал» деп айткан. Ошол кезден баштап айына 1-2 жолу чалып турду.

Бир жолу 2020-жылы карантин маалында видео менен чалып калды. Ал кезде ата-энемдин жанында жашап толуп алган элем. «Сүрөттөрүңдөн арык көрүнөсүң, өзүң боорсок турбайсыңбы» деп ошондон кийин мени «боорсок» атап алган. Ачык эле айтам, чыгармачылыкка байланыштуу өзүм чече албай калган маселелерди 4-5 жолу чечип берди. Бирок бир да жолу акча сураган эмесмин. Эгер тойго байланыштуу нерселер болсо колумдан келген жардамымды берчүмүн.

Бир ирет клип тартып жүргөн маалда телефон чалып калыптыр. Клип менен жүргөнүмдү угуп, «ырдабай эле койбойсуңбу. Мен ырчы кыздарды, эжелериңди көрдүм го, кандай экенин. Ырдап эмне кыласың? Кыз киши күйөөгө тийип тынч жашаш керек» деп мага айткан болчу. Ошондо өзүмчө жиним келген эле. Эми азыр көзү өтүп кеткенден кийин ойлоп жатпаймынбы, Чыңгыз байке мага сар-санаа болуп, турмуштан өз ордун таап кетсе экен деген ниетте айткан экен.

Айылдагылардын баары Чыңгыз байкемди «өзүбүздүн балабыз» деп жакшы көрүшөт. Мыйзамсыз байыгандарды тоноп, коркуткандыр, бирок карапайым калкка бир зыяны тийген жок. Кайра жардам берчү. Байкем менин көз алдымда тууганчыл, патриот адам катар элес калтырды. Ким эмне десе, ошол десин. Мен Ысык-Атадан чыккан ошондой агам болгону үчүн сыймыктанам! Калган күнөөлөрүн Кудайым өзү таразалаар. Кечээ, жерге берүү зыйнатында да үйүнө барып, боз үйдүн жанында бир саамга агамды эскерип турдум. Ошондой жакшы адам жок болгонуна ичим ачышты» — дейт Айгерим Эшим.