Ырчы Неля: «Апамды караган врачтарды Кудайга койдум»

Эстрада ырчысы Неля Жаңы жыл алдында бир жарым ай мурда пневмониядан улам каза болгон апасын эскерди. Ал бул тууралуу билдирүүсүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

«Тилекке каршы, апамды караган дарыгерлер жоопкерчиликсиз мамиле жасап, көп нерсени өз убагында аткарган жок! Айта берсем сөз көп. Алардын канчалык күнөөсү болсо бардыгын Кудайга койдум!

Билем, бардыгыбыздын барар жерибиз бир, сабырдуу, кайраттуу болушум керек, бирок пендемин, апамды жоктоп кайгырбай, ыйлабай коё албайт экенсиң. Апам аябай күчтүү, кайраттуу айым эле, андыктан апамдын жолун жолдоп, белимди бекем бууп, Жаратканым берген өмүрүн бактылуу сүргөнгө аракет жасайм.

Буюруса, жыл жаңырса, бардык жамандыктар артта калып, алдыда жакшы өзгөрүүлөр болчудай сезилет, кыйынчылыктар менен кайгы-капалар 2020-жыл менен калсын, алдыда тагдырдын жагымдуу күндөрү гана күтүп турарына, жамандыктын аркасынан жакшылык келээринен үмүт кылам», — деп жазылат ырчынын билдирүүсүндө.