Объектилерди жылуулукка кошуу бир нече күнгө созулат. Алгач бала бакчалар, ооруканалар, төрөт үйлөр жана социалдык коргоо мекемелери, андан кийин турак жайлар, жылуулук энергиясына карызы жок өндүрүш ишканалары жана мекемелери жана башка объектилер жылуулук менен камсыздалат. Көп кабаттуу үйлөрдү жылуулукка туташтырууда, үйлөрдүн жогорку кабаттарында жайгашкан Маевскийдин крандары аркылуу жылытуу тутумунан абаны чыгаруу керек. Бул чара батирлерге жылуулуктун агымын тездетет.
Депутат Элдар Сулайманов балдарынын энеси тууралуу жаман айтпоого чакырды
СерепТВ редакциясы учурда коомчулукта катуу талкууга түшкөн Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Сулаймановго мурунку жубайы менен болгон чырынын айланасында пикирин билүү...







