Ысык-Атада тоюттун сапатын европалык стандартка чейин жакшырткан завод ачылды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусунун Ысык-Ата районунда “Аталык Жем” тоют заводунун салтанаттуу ачылышына катышты.

“Саатына 20 тонна өндүрүштүк кубаттуулугу бар бул завод жергиликтүү дыйкандардан 1 миллиард сомго 60 миң тоннадан ашуун дан сатып алууга жана 50дөн ашуун жумушчу орундарын түзүүгө мүмкүндүк берет. Инвестициялардын жалпы көлөмү 430 миллион сомду түзүп, 150 миллион сому “Айыл Банк” аркылуу берилген”, — деди Акылбек Жапаров.

Ал кошумчалагандай, ишкананын ачылышы өндүрүлгөн тоюттун сапатын европалык стандартка чейин жакшыртат жана “бир гана тоют тармагын эмес, жалпы агроөнөр жай кластерин өнүктүрүүгө жакшы түрткү болот”.

“Аталык Жем” тоют заводу “ЭлДан Аталык агроөнөр жай комплекси” ЖЧКсына тиешелүү жана европалык өндүрүштөгү заманбап техникалар менен жабдылган.

Заводдун негизги иш алып барган багыттары төмөнкүлөр болуп саналат:

— дыйканчылык;

— үрөөнчүлүк;

— мал чарбачылык;

— жумуртка өндүрүү;

— тоют, жем өндүрүү.