Ысык-Көлдүн Кош-Дөбө айылында сел өтүүчү канал тазаланууда. Бул тууралуу Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын Түп райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы, майор Бакытбек Казакбаев билдирди.
“Түп районунун Арал айыл аймагынын Кош-Дөбө айылынын түндүк-чыгыш тарабындагы 420 метр сел өтүүчү каналдын нугун тереңдетип казуу иштери жүргүзүлүүдө. Аталган тилкеде жаз-жай мезгилинде жана жаан-чачын нормадан ашык жааган учурда, каналда суунун деңгээли көтөрүлүп, нугунан ашып айыл тургундарынын турак-жайларын, чарбактарын суу каптоо коркунучу жаралып жаткандыгы аныкталган. Жумуштар аяктаганда суу каптоо коркунучунунан 5 турак үй корголот” ,- деди ал.
Министрликтин Өзгөчө кырдалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу департаментинен бир даана эксковатор тартылган.