Ысык-Көлдө 1 жумадан бери дайынсыз болуп изделип жаткан келин «Манас» аэропортунда табылды

Жети-Өгүз районунун тургуну Нурпери Жаркынбаева 26-сентябрдан бери дайынсыз болуп жаткан. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, Ысык-Көл ОИИБге анын жолдошу кайрылып, 1997-жылы туулган Нурперинин 25-сентябрда саат 08:00 чамасында үйүнөн Каракол шаарына барам деп кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканын айткан. 2-октябрда «Манас» эл аралык аэропортунан маалымат түшкөн. Анда изделип жаткан келиндин Орусияга учууга аракет кылып жатканы айтылган. Милиция кызматкерлери аэропортко барып, Нурперини ата-энесине өткөрүп беришти.