Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери талмасы кармап, эс-учун жоготуп койгон аялга жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Ысык-Көл облусунда коомдук коопсуздук камсыздап жүргөн ИИМдин Атайын багыттагы полкунун 2-батальонунун жана полктун Ош шаарында жайгашкан 3-батальонунун кызматкерлери милициянын старшинасы Нурбек Кулбаев, милициянын старшинасы Полотбек уулу Абылкайыр, милициянын старшинасы Дуулат Азатов жана бөлүмчө командири милициянын прапорщиги Акылтай уулу Адилет “Алтын Кум” эс алуу жайында талмасы кармап, эс-учун жоготуп койгон Баткен облусунун 65 жаштагы тургунун көрүп калышкан.
Ошол замат милиция кызматкерлери талмасы кармап калган аялга биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп, Тез жардам кызматын чакырып өткөрүп беришкен.