Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы Каракол капчыгайында жайгашкан бийик тоолуу Ала-Көл көлүнө 1996-жылы туулган жарандар 2-июль күнү жолго чыгып кетип, ошол бойдон байланышка чыкпай жаткан. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Жерине 5 куткаруучу тартылып, аталган жарандарды аман-эсен таап, тоодон түшүрүштү.