Ысык-Көлдө кар калың жаап, айрым ашуулар убактылуу жабылды

Бүгүн, 24-мартта Ысык-Көлдөгү айрым ашуулар кар калың жааганына байланыштуу убактылуу жабылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

— 24-марттан 26-мартка чейин Каракол-Эңилчек унаа жолунун 38-112- чакырымында убактылуу жол жабылып, тозот коюлду.
— Чоң-Ашуу ашуусуна жааган кар калың болгондуктан унаа жол жабык. Тазалоо иштери аймакта бороон-чапкын болуп жаткандыгына байланыштуу токтотулду.
— 22-мартта Жети-Өгүз районуна караштуу Барскоон — Ак-Шыйрак — Сөөк ашуусуна каттаган унаа жолунун 58-59-чакырымынын төрт тилкесинде 10 миң метр куб кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабык, тазалоо иштери жүрүүдө.
— Түп районунун Түп-Кеген унаа жолуна кар калың жаагандыктан, жол эки тараптуу жабылган. Учурда тазалоо иштери кызуу жүрүүдө.

Маалыматка ылайык, жабыркагандар катталган жок. Бардык жерде жергиликтүү жол тейлөө мекемелеринин техникалары тартылып, иш алып барууда.