Abank
SerepTV Logo

Ысык-Көлдө каза болгон 23 жаштагы жигит Таласта жерге берилди

Ысык-Көлдө каза болгон 23 жаштагы жигит Таласта жерге берилди
«Ысык-Көлдө инимди балдар сабап, иним ур-токмоктон каза болуп калды» деген жаран коомчулукка кайрылуу жасаган" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/ysyk-koldo-tokmoktolgon-inim-kaza-bolup-kaldy-degen-jaran-elge-kairyldy/"> жасаган. «6-августка караган түнү Бостеридеги «Алтын Кум» эс алуу жайына иним балдар менен эс алууга келген. Ошол түнү аны 7-8 бала пикир келишпестиктен сабап салышкан. Ал өтүп кетти. Ал эми милицияга барсак, тилин жутуп алып каза болду деп жатат. Сураныч ошол күндө тартылган видео болсо, ким көргөн болсо, кайрылып койгулачы», — деген ал. Бүгүн, 8-августта редакция маркумдун бир тууганы менен байланышканыбызда, агасынын сөөгү кечээ, 7-августта жерге берилгенин билдирди. "Таласта экспертиза кылдырдык. Денесинде жаракаттар бар деп чыгарды. Жерге бердик", - деди дагы бир жолу акыйкаттык керектигин айткан бир тууганы. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги буга чейин маркумдун бир тууган карындашы менен байланышкан. «Бизге азыр акыйкаттык, адилеттүүлүк керек. Талмасы жок болчу. Спортчу эле. Көлгө достору, жубайы менен барган. 2000-жылы Таластын Манас районундагы Покровка айылында туулган. 6 бир туугандын төртүнчүсү эле. Бизге бул ишке «каралар» байланышкан деп жатышат. Денесинде, башында, мойнунда тактар бар», — деген ыйлаган бир" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/bashy-denesi-moinunda-taktar-bar-eken-ysyk-koldo-kaza-bolgon-jigittin-bir-tuugany-akyikattyk-izdei-turganyn-aitty/"> тууганы. Ысык-Көл ОИИБден маалымат беришип, алгачкы сырткы кароо иштери жүргүзүлгөндө, жигиттин денесинде кандайдыр бир криминалдык тактар байкалбаганын билдиришкен. " target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/ysyk-koldo-kaza-bolgon-23-jashtagy-jigit-milicziya-menen-birinchi-jardam-korsotkon-jaran-maalymat-berdi/">билдиришкен.  СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги окуя болгон учурда анын жанында болгон Ысабек аттуу досу менен байланышканыбызда, мушташта ал да жаракат алганын айтып төмөнкүлөргө токтолгон. «Мен ошол учурда жанында болчумун. Балдар келип, бизге тийишти. Ошол жерде мушташ болуп кетти. Мени катуу түртүп салышты. Мен да жаракат алдым. Анын денесинде деле тытыктар бар болчу. Милиция айтып жаткандай досумдун мурда талмасы жок болчу. 2020-жылы үйлөнгөн. Артында жубайы, 1 кызы калды. Жакында 3кө чыгат. Сөөк бүгүн жерге берилмек, бирок экспертизага беришмей болду», - деген ал. Редакцияга дагы бир досу кайрылып, талмасы болгону тууралуу калп маалымат тарап жатканын айтты. «Досумдун мурда талмасы жок болчу. Бул жалган маалымат»,- деген. " target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/artynda-jubaiy-2-jashtagy-kyzy-kaldy-ysyk-koldo-kaza-bolgon-jigit-tuuraluu-dosu-maalymat-berdi/">деген.  Видео менен бир тууганы бөлүштү.