Ысык-Көлдө коңшу өлкөлөрдүн президенттерин тосуп алган кыздардын кийими көңүл чордонунда

Бүгүн, 21-июлда Ысык-Көлдө Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Консультативдик жолугушуусу өтөт. Кечээ, 20-июлда Кыргызстанга Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев келген.

Ал эми бүгүн, 21-июлда Тажикстан менен Түркмөнстандын президенттери келишти. Коомчулук аларды аэропортто боорсок, гүл менен тосуп алган кыздардын кийимин талкуулуп жатышат. Айрымдар кыздардын кийимдери өзгөчө экенин айтышып, жарашыктуу экенин жазып жатышат. Ошол эле учурда кыздардын баш кийимин сындагандар да бар. Алар «башындагы селденин эмне кереги бар эле, кыргыздын үкү топусун кийсе болот эле да» деген пикирлерин калтырышууда.