28-июлда саат 15:07 чамасында «Сары-Камыш айылына жакын көл жээгинде матрас баллон менен сууда жаткан эки адамды катуу толкун алыска тартып кетти» деген маалымат түшкөн.
Берилген маалыматтан улам Балыкчы шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 4 куткаруучу жеринде куткаруу иштерин аткарышкан. Натыйжада Ысык-Көл районунун Сары-Камыш айылынын толкун тартып кеткен тургундарын аман-эсен жээкке чыгарышкан.