Милиция кызматкерлери Ысык-Көлдө адам өмүрүн сактап, жоголгон акча каражатты ээсине таап беришти. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Чолпон-Ата шаарында жайгашкан «Алтын Көл» эс алуу жайында ИИМдин Атайын багыттагы полкунун кызматкерлери Дуулат Азатов жана Шайкидин уулу Бекмырза көлгө чөгүп жаткан жаранды көрүп куткарып калышкан. Куткарылган Түп районунун 23 жаштагы тургуну болгон.
Ошондой эле «Аврора» эс алуу жайында эс алып жүргөн Бишкек шаарынын 50 жаштагы тургуну полктун кызматкерлери Эрлан Талгартбековго, Бекболот Көчөровго жана Мирбек Табалдиевге ири суммадагы акчасын жоготуп алгандыгын билдирип, жардам сурап кайрылган. Ошол замат кызматкер эс алуу жайдын айланасын издешип, 500 миң сом өлчөмдөгү акчаны таап, ээсине кайтарып беришкен.