17-ноябрь күнү Ысык-Көл районунун Бостери айылында үйдөн өрт чыгып, Бостери айылынын айылдык милиция бөлүмүнүн нөөмөтчүсү Бакытбек Максутов өрттөнүп жаткан көп кабаттуу үйдөн кичинекей 2 баланы куткарып калды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.
Өрт саат 11:30 чамасында чыккан. Милиция кызматкери коюу түтүндү дароо байкап, жардам сураган балдардын кыйкырыктарын угуп калган.
«Куткарылган балдар стресске кабылган болсо да, физикалык жактан жабыркаган эмес. Кызматкер балдардын коопсуздугуна көзү жеткенден кийин өрт өчүрүүчүлөрдү чакырган. Алдын ала маалыматтар боюнча, өрткө электр туташуусу себеп болгон», — деп айтылат маалыматта.